Чек арадан уй жүктөп жашыруун өтүп бараткандар кармалды

Кыргыз-казак чек арасынан уй жүктөп жашыруун өтүп бараткан жарандар кармалды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

“Аткезчилер «Чалдыбар унаа жол» өткөрмө пунктунан 442 баш, «Ак-Тилек унаа жол» өткөрмө пунктунан 318 баш уй алып өтүүгө аракет кылышкан. Алардын жанында товар ташып келүүгө уруксат берген салык органынын маалымкаты болгон эмес”, — деп билдиришти мекемеден.

Учурда бул иш боюнча материалдар мыйзамга ылайык иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүп берилген.