Чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган чет элдик жарандар кармалды

УКМК мыйзамсыз миграция каналын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМКнын Чек ара кызматы менен биргеликте кечээ, 20-майда саат 03:30да «Васильевка» чек ара заставасынын жоопкерчилик аймагынан, Казакстан тарабынан мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү аракети учурунда, Пакистандын 6 жараны кармалды.
Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылуу фактысы боюнча УКМКнын тергөө бөлүмү тарабынан  Кылмыш-жаза кодексинин 378 жана 37-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган чет өлкөлүк жарандар Жазык-процесстик кодексинин 96-беренеси боюнча Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда аталган фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.