«Чекеси муздак болчу». Бала бакчада чарчап калган кыздын таенеси окуя тууралуу айтып берди

Сокулуктагы «Алтын балалык» бала бакчасында 22-октябрда 5 жашар Алия чарчап калган. Соттук-медициналык экспертиза Алия бала бакчада уктап жатып, өз кусундусуна какап, чарчап калган деген жыйынтык чыгарганын айтып SEREPTV телеканалына кыздын апасынын мыйзамдуу өкүлүмүн деген таенеси маек берип, буларды айтып берди.

«Тилекке каршы кызым жолдошу менен эки жолго түшкөн. Экөөнүн 5 баласы бар. Кызым чет өлкөгө мигрант болуп кетүүгө аргасыз болду. Иштеп үй алып келейин, мага жардамдашыңыз деди. Мен макул болдум. Кудагый «5 баланы тең кара» деди, бирок менин ден соолугум 5 баланы кароого мүмкүндүк бербегени үчүн, 2 баланы карай аларымды айттым. Кызым менен мурдагы күйөө балам сүйлөшүп, 2 баланы карап калдым. Кызым расмий түрдө ашырам десе, жолдошу сотко келбей койгон. Алия менен 3 айлык кызын таштап миграцияга кетти. Мен өзүм карап жаткам. Атасы тарбиялоого катышпайт. 

Аталган бала бакчага ушул жылдын апрель айынан тартып бара баштаган. 22-октябрда ушундай трагедия болуп кетти. Кызымдын эч жери ооручу эмес. Эртең менен турдук. Бала бакчага бардык. Саат 8:25те кирип кетти. Ошол күнү эрте алайынчы деп даярданып отургам. Мага тарбиячы чалып, «кызыңыз көпкөк, келип калыңыз» деди. Жолдо бара жатып эле Тез жардамга чалдым. Алар жаңы эле кеткенин билдиришти. Тез жардам кызматы менден 4-5 мүнөт эрте барды. Врачтар Алияны ороп алып түшүп баратышыптыр. Мага көргөзбөй коюшту. Чуркап барып 2 бутун кармадым, муздак болчу. Мен жаман нерсе болгонун сезип баштадым. Айдоочунун жанына отуруп алып, ооруканага бет алдык. Кыймылдабай жата берди. Дарыгерлер жанында отурушту. Ооруканага жеткенде мага көргөзбөй тосуп жатышты. Жулунуп чекесин кармаганда муздак экен. Жандандыруу бөлүмүнө алып кирип кетишти. 1 сааттан кийин чарчап калды дешти», — деди таенеси.