Чет элдик жарандардын таштанды чачып жаткан видеосу тараган. Милиция эмне дейт?

Социалдык тармакта чет элдик жарандар Новопавловка айылында жайгашкан Мира көчөсүнүн боюнда баштыктарды чачып, таштанды чогултуп жаткан видео тараган. Бул видео боюнча Ленин РИИБден маалымат беришти.

Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жогорудагы көрсөтүлгөн жарандар такталып, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Алар 1982, 1975, 1988-жылы туулган чет мамлекеттин жарандары болуп чыкты. Укук бузуулар кодексинин 431-беренесин негизинде (чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында болуунун белгиленген тартибин, ишке орношуу же транзиттик жүрүү эрежелерин бузуу) протоколдор түзүлүп, ар бирине 5 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынды. Мындан тышкары, милиция кызматкерлери тарабынан жакынкы үйлөрдүн жашоочулары менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ошондой эле Бишкек мэриясынын алдындагы муниципалдык кызматынын унаасын чакырып, жогорудагы дарек боюнча таштандылар жыйналган.