Чет өлкө жараны музейден баалуу буюмдарды уурдоого аракет кылды

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинен баалуу буюмдарды уурдоого аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-мартка караган түнү саат 02:14 чамасында музейдин башкы сактоочусунун кызматтык бөлмөсүнөн сигнализация иштеп кеткен. Күзөт кызматкери бирөө киргенин көрүп, артынан чуркап барып, терезеден кирип барган. Кызматтык бөлмөнүн эшиги бек болгонуна байланыштуу кылмышка шектүү кача албай калган. Бирок каршылык көрсөткөн. Арадан эки мүнөт өткөндө автоматчан милиция кызматкери жардамга келген. Жыйынтыгында, кылмышка шектүү деп кармалган адам 42 жаштагы чет өлкө жараны экени такталды.

Учурда ал ИИМдин Биринчи май райондук милициясына тапшырылган, азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Окуя болгон жерде №323 ыкчам кармоо тобу музейдин айланасын карап чыгып, камеранын жулунуп алынганын тактады.