Чет өлкөлүк студент каза болгон жатаканадагы өрт боюнча милиция текшерүү иштерин баштады

Свердлов райондук ИИБнин басма сөз кызматы билдиргендей, өрт тууралуу маалымат «102» кызматына эртең мененки саат 09:20да келип түшкөн.

Бул факт каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн. Окуя болгон жерге барганда жаш жигиттин жансыз денеси табылган. Ал 2004-жылы туулган чет өлкөлүк жаран Я.А. экени аныкталган.

Учурда бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалды. Алардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык процессуалдык чечим кабыл алынат.