Чет өлкөлүк студенттерден пара алып жүргөн КУУнун окутуучусу камакка алынды

Студенттерден пара алууга шектелген Кыргыз улуттук университетинин Ош шаарындагы филиалынын кызматкери кармалып, УКМКнын тергөө абагына 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу Спутник жазды. Маалыматка ылайык, кармалган кызматкер аталган окуу жайдын Ош шаарындагы филиалынын деканы болуп иштеп келген. Ал 54 жашта.

УКМКнын Ош шаардык жана облустук башкармалыгы тарабынан жашыруун тартылган видео жарыяланып, анда декан бир нече адамдан акча алып жаткандыгы тартылган. УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси боюнча (пара алуу) сотко чейинки өндүрүштүн алкагында текшерүү иштерин жүргүзгөн. Натыйжада айрым кызмат адамдары пара алууга катыштыгы бар экени аныкталган. Кадрдан аял ар бир студенттен 100 доллардан алса 60 миң доллар таап, үй аларын айтып жатканын угууга болот. Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.