Читада 2 балага сексуалдык зомбулук көрсөткөн делип Кыргыз жараны кармалды

Чита шаарында 5 жана 7 жаштагы эки балага карата сексуалдык зомбулук көрсөтүүгө шектелип Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу «Чита.ру» маалымат агенттиги жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, 22-июнда мас абалындагы адам эки баланы Чита шаарынын Борбордук районунда кароосуз калган үйгө азгырып алып барып, аларга кол салган. Балдардын бири анус травмасы менен ооруканага жаткырылган. Милиция кызматкерлери кылмышка шектеп 30 жаштагы жаранды кармашкан. «Кылмышка шектүү — Кыргызстандан келген куруучу. Ал кылмыш болгон жердеги объектилердин биринде иштейт», — деп жазган басылма.