«Чогуу спирт ичимдигин ичишкен». Жалал-Абадда күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген аял кармалды

Жалал-Абад шаарынын милициясы күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген аялды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

25-март күнү саат 21:55 чамасында Жалал-Абад ШИИБге телефон чалуу болуп, ошол эле күнү саат 21:40 чамасында Жалал-Абад шаарындагы батирлердин биринде аял киши өзүнүн күйөөсүн учтуу нерсе менен сайып, кесепетинен денесинен алган жараатынан улам күйөөсү окуя болгон жерде каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Маалымат боюнча Жалал-Абад ШИИБдин ыкчам-тергөө тобу, жетекчилиги прокуратура кызматкерлери менен бирге окуя болгон жерге барып кароо жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, 1 бычак далил буюм катары алынган. Бул факты Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Окуя боюнча териштирүү учурунда күйөөсү менен аялы 2012-жылдан бери чогуу жашашкандыгы, окуя болгон күнү чогуу спирт ичимдигин ичишкендиги аныкталган. Күйөөсү 52 жашта болгон. Жалал-Абад ШИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмыш ишине шектүү катары Жалал-Абад шаарынын тургуну 1972-жылы туулган тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.