Чокуда бутун кокустатып алган турист куткарылды

Чокуда бутун кокустатып алган орусиялык 29 жаштагы турист куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Турист “Хижина Рацека” лагеринде бутун оорутуп алып, ӨКМден жардам сураган. Ала-Арча паркында нөөмөттө турган 4 куткаруучу чет өлкөлүк жаранды саат 23:50дө тоодон алып түшүп, ооруканага жөнөтүшкөн.