Чолпон-Ата мэриясынын кызматкерлери паркты көрктөндүрүүдө 720 миң сомду кымырып алышкан

Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун дирекциясынан «Чолпон-Ата шаарындагы паркты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу» долбооруна бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүдө Чолпон-Ата шаардык мэриясынын жана өнүктүрүү фондунун кызматкерлери жогоруда аталган долбоорду аткарууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, иш жүзүндө аткарылбаган жумуштардын көлөмүн жогорулатуу менен мамлекетке 720 миң сомдук зыян келтиришкендиги аныкталган.

Бул факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.