Чолпон-Ата райондук электр тармактарынын башчысы криптовалютаны өндүрүү үчүн майнинг ферма уюштурган

Чолпон-Ата райондук электр тармактарынын башчысы тарабынан криптовалютаны өндүрүү үчүн майнинг ферма уюштуруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

8-декабрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында УКМКнын жана Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 1976-жылы туулган Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата райондук электр тармактарынын башчысы жашаган жеринде криптовалютаны өндүрүү үчүн майнинг ферма уюштуруу фактысы аныкталды. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын алкагында жана Ысык-Көл райондук сотунун 7-декабрдагы «Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча тинтүү жүргүзүү жөнүндө» токтомунун негизинде иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө аталган башчынын жашаган жеринде майнинг ферма электр эсептегичти айланып туташтырылгандыктан, бир топ көлөмдө электр энергиясын уурдоо фактысы аныкталды.

Кармалган жаран узак убакыт бою Чолпон-Ата РЭТте ар кандай кызматтарда иштеп, 8-декабрдан тарта аталган уюмдун башчысы болуп дайындалган. Ал энергетика тармагында иштеп жатып, суунун аздыгынан улам республикада энергетикалык каатчылык болуп жатканына карабастан, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, электр энергиясын уурдап, муну менен Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугуна зыян келтирген. Азыркы учурда, бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдарын тергөөнүн алкагында, келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоону камтыган зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.