Чолпон-Атада 2 индиялык көлгө чөгүп каза болду

21-апрелде Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийинде 2 эркек киши (болжолдуу Индиянын жарандары) көлгө чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ал жерге 5 куткаруучу тартылып, 1 эркек кишинин жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 1 эркек кишинин жансыз дененсин жергиликтүү тургундар чыгарышкан.