Чолпон-Атада жүрүп бара жаткан унаанын айнегинен белине чейин чыгып алган кызга айып салынды

Кайгуул кызматы жүрүп бара жаткан унаанын терезесинен белине чейин чыгып алган жүргүнчү кызга 1 миң сом айып салды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Бүгүн социалдык тармактарда Чолпон-Ата шаарында жүрүп бара жаткан “Lexus ES350” үлгүсүндөгү унаадан белгисиз жүргүнчү кыз унаанын арткы эшигинин терезесинен денесинин белинен жогору бөлүгүн сыртка чыгарып алгандагы видео тараган.

Бул видео боюнча Бишкек шаарынан иш сапары менен Чолпон-Ата шаарында жүргөн Милициянын кайгуул кызматкерлери видеодогу кызды таап, Укук бузуулар кодексинин 192-берененин 1-бөлүмүнүн негизинде тийиштүү протокол толтурушкан.