Чолпон-Атада эс алуучу жайдагы мушташтан көз жумган 24 жаштагы Алтынбек Абдыжапаров Архив кызматында иштеген. Архив кызматынын жамааты анын үй-бүлөсүнө көңүл айтты.
«Кесиптешибиз Алтынбек Абдыжапаровдун мезгилсиз дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Алтынбектин өз ишине болгон жогорку кесипкөйлүгү жана жоопкерчиликтүү мамилеси биздин эсибизде түбөлүккө сакталат», — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин социалдык тармактарда маркумдун агасынын кайрылуусу жарыяланган. Анда ал иниси топ балдар тарабынан сабалган соң, 8 сааттан кийин каза болгонун айтып чыккан.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги маркумдун жакыны менен байланышып, маалымат алганбыз.
«Келинчеги кош бойлуу. Өзү атасыз чоңойду. Байкушум «Баламдын атасы болот» деп сүйүнүп жүргөн. Мамлекеттик архивде иштечү. Өзү IT тармагын бүтүргөн. Негизи адамга зыяны жок жигит болчу. Уруш-мушташ эмнеден чыкканын билбейм. Менимче жумушчулар буларга тийишкен окшойт. Өзү покровкалык. Сөөгү айылына жерге берилди»,- деген ал.
Милиция маалымат таратып, 24 жаштагы жигиттин каза болгону тууралуу маалымат милицияга 16-август күнү саат 10:25 чамасында түшкөнүн билдиришкен. Шектүү катары 3 өспүрүм кармалган.