Чолпон-Атада кыз менен жигиттин өлүмү. Катердин 16 жаштагы айдоочусу 2 айга мыйзамдуу өкүлүнө өткөрүлдү

Чолпон-Атада эки адамдын өлүмүнө алып келген катердин айдоочусунун бөгөт чарасы каралды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл облустук сотунан билдиришти.

«Жашы жете элек айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасы катары 2 айлык мөөнөткө, тактап айтканда, 26-сентябрга чейинки мөөнөткө чейин мыйзамдуу өкүлүнүн карамагына өткөрүп берилди. Айыпталуучунун жашы жете электигин жана туруктуу жашаган жери жана өздүгүн тастыктоочу документи бардыгын, жасаган кылмышы этиятсыздыктан жасалган кылмыштардын катарына кирерин, жабырлануучулар жекече ачык айыптоодон баш тартышканын эске алуу менен жашы жете элек айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасы катары мыйзамдуу өкүлүнүн көзөмөлүнө өткөрүлдү«,- дешти.