Чолпон-Атада кыз менен жигиттин өлүмү. Катердин айдоочусу 16 жашта болгон

Чолпон-Атада эки адамдын өлүмүнө алып келген катердин айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

«Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан катердин айдоочусу Кара-Ой айылынын 16 жаштагы тургуну райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына, соттун бөгөт коюу чарасы кабыл алынганга чейин камакка алынды»,- дешти.