Чолпон-Атада мындан 15 жыл мурда өлтүрүлгөн Кубанычбек Коноев. Шектүүлөр кармалды

Чолпон-Атада 2008-жылы кылмыш дүйнөсүнө тиешеси бар бир туугандардын атасын өлтүргөнгө шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

2008-жылдын 4-апрелинде Чолпон-Ата шаарында кочкул түстөгү унаа менен жүргөн белгисиз адамдар Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү унааны автомат менен аткылап кетишкен. Бул кылмыш иши прокуратуранын имаратынын жанында жасалган. Атылган унаанын рулунда 1955-жылы туулган Кубанычбек Коноев болгон. Ок атылгандан кийин Коноев башынан жана көкүрөгүнөн көптөгөн жаракаттарды алган жана ошол жерден каза болуп, анын унаасы мамыга урунган.

Андан кийин белгисиз кылмышкерлер кылмыш болгон жерден качып кетишкен. Окуя болгон жерди текшерүү учурунда унаанын сол эшигинде аткыланган октордун көптөгөн тешиктери табылган. Ошол эле күнү Сары-Ой айылынын аймагынан шектүүлөр таштап кеткен Ауди-100 үлгүсүндөгү унаа табылып, аны кароо учурунда автоматтын гильзалары, номуру өчүрүлгөн “Калашников” автоматы табылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

«Буга чейин айрым маалымат каражаттары криминалдык төбөлдү өлтүрүүгө шектелгендер кармалганы тууралуу маалымат тараткан. Бирок бул так маалымат эмес. Кубанычбек Коноев уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү Нурлан менен Мирлан Коноевдердин атасы. Экөө тең 2006-жылдын августунда жана 2007-жылдын апрелинде ушундай жол менен өлтүрүлгөн. Мирлан Коноевди өлтүргөн адам 2007-жылдын 19-апрелинде Жогорку Соттун имаратынын алдында кылмыш сууй электе кармалган. Жакында ИИМдин ыкчам кызматтары тарабынан иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө 15 жыл мурдагы адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды.

Аталган кылмышка шектүү катары мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 1983-жылы туулган жана криминалдык төбөлдүн тууганы 1969-жылы туулган жаран кармалды. Кармалган жарандарга карата камакка алуу чарасы тандалган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат», — дешти.