Чолпон-Атада “смотрящий” кармалды. Ал коттедждерди ээлеп алган

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМКга «мыйзамдагы ууру” деп аталган Камчы Көлбаевдин колдоосун пайдаланып орус инвесторлорунун өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алдамчылык жол менен өздөрүнө ыйгарып жана өздөштүрүп алган жеке жактар боюнча маалыматтар түшкөн. Тактап айтканда, козголгон кылмыш ишинин алкагында Ысык-Көл облусунун аймагында Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү анын кылмыштуу байланыштарын пайдаланып, физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуп, “Новел” мейманканасынын бир нече коттедждерин ээлеп алгандыгы тууралуу маалымат алынган.

УКМК тарабынан бул фактыга тиешеси бар уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, 1987-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында “смотрящий” деп аталган жаран аныкталып, 10-январда кармалып, камакка алынды.

Учурда кылмыш ишинин материалдарынын алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.