Чолпон-Ата шаарында жаайгашкан «Кейсар» эс алуу борборунда 51 жаштагы жаран сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБиден кабарлашты.
«24-июль күнү саат 14:10 чамасында нөөмөт бөлүмүнө Ош шаарынын 51 жаштагы тургуну «Кейсар» эс алуу борборунда көлгө түшүп жатып чөгүп кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн. Жаран Ысык-Көл райондук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жаткырылып, эсине келбей каза болгон. Аталган окуя боюнча экспертизалар дайындалды, териштирүү иштери жүрүп жатат», — деп билдирди басма сөз кызматы.