Чолпон-Атадагы кырсык. Каза болгондордун жакындары айыптоодон баш тартышты

Чолпон-Атада эки адамдын өлүмүнө алып келген катердин айдоочусунун бөгөт чарасы каралып, ата-энесинин көзөмөлүнө 2 айга өткөрүп берилген.

Ысык-Көл облустук сотунан жабырлануучу тарап ачык айыптоодон баш тартышканын билдиришти.

«Айыпталуучунун жашы жете электигин жана туруктуу жашаган жери жана өздүгүн тастыктоочу документи бардыгын, жасаган кылмышы этиятсыздыктан жасалган кылмыштардын катарына кирерин, жабырлануучулар жекече ачык айыптоодон баш тартышканын эске алуу менен жашы жете элек айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасы катары мыйзамдуу өкүлүнүн көзөмөлүнө өткөрүлдү»,- дешти.