Чоң-Алайда айдоочу жол тескөөчүнү чаап жиберген учур видеого түшүп калган

Чоң-Алайда айдоочу жол тескөөчүнү чаап жиберген. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 9-июлда Сары-Таш Кара-Мык автожолунун 97-чакырымында болгон. Анда 1996-жылы туулган жол тескөөчүгө 2004-жылы туулган айдоочу баш бербей жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Анын жүрүшүндө айдоочу кенже тескөөчүнү уруп жибергени аныкталган. Кызматкерге тийиштүү экспертиза дайындалган.
10-июль күнү кылмышка шектүү катары айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 12-июль күнү шектүүнүн баш коргоо чарасы Алай райондук соту тарабынан үй камагына өзгөртүлгөн.  Учурда тергөө амалдары уланууда.