Чоң-Алайда аң уулоого кеткен 27 жаштагы жигитти кар басып калган

Бүгүн, 6-февраль күнү саат 00:30 чамасында Чоң-Алай РИИБдин нөөмөт бөлүгүнө кабар келип түшкөн. Анда Чоң-Алай районунун тургуну 27 жаштагы жаран үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы кабарланган. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Чоң-Алай РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде ошол эле күнү саат 05:25 чамасында жарандын жансыз денеси кар көчкүнүн алдынан табылган.

Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө 6-февраль күнү саат 10:30 чамасында Чоң-Алай районунун 27 жаштагы тургуну бир найлуу ок атуучу куралын алып, ошол айылдын беш мергенчиси менен карышкыр атуу үчүн Чоң-Алай районунун Кулчу айылынын тоолоруна барып, ал жерде жолду кыскартуу максатында, жаран мергенчилерден бөлүнүп башка жолго түшүп дайынсыз жоголгон. Мергенчилер анын артынан барган учурда маркумдун баскан жолдон узундугу 300 метр, туурасы 50 метр кар көчкү жүргөндүгү аныкталган.