Чоң-Алайда жол кырсыктан 2 окуучу каза болду

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

16-декабрда Чоң-Алайда жол кырсыктан 2 окуучу каза болду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Сары-Таш — Карамык унаа жолунун 127-чакырымында катталган. 2008-жылы туулган өспүрүм унаанын рулун башкара албай, жолдон чыгып кеткен. Кесепетинен рулдагы жана унаадагы 2 окуучу каза болуп, дагы бирөө ооруканага жеткирилген. Унаадагылардын үчөө тең 2008-жылы туулган 10-класстын окуучулары болгон.

Жол тескөөчүлөр ата-энелерге кайрылып, айдоочулук күбөлүгү жокторго, жашы жете электерге унааны башкарууга бербөөгө чакырды.