Чоң-Алайдагы дарыядан 8 жаштагы баланын жансыз денеси чыгарылды

Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит айылынан өткөн Ак-Суу дарыясына 2015-жылы туулган бала түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 

Жерине издөө иштерин жүргүзүү максатында 5 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 50 адам, ИИМден 15 кызматкер тартылып, баланын сөөгү куткаруучулар тарабынан суудан табылып, туугандарына өткөрүп берилген.