Чоң Чүй каналына агып кеткен 6 жаштагы бала кечээ табылган эмес

Кечээ, 8-майда Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында Чоң Чүй каналына 2017-жылы туулган эркек бала түшүп кеткен. Издөө иштерин жүргүзүү максатында жерине 30 куткаруучу, ошондой эле Сокулук райондук ИИМден 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган. Бирок издөө иштеринен майнап чыккан эмес. Түн кирип кеткенине байланыштуу издөө иштери токтотулган.

Баланы издөө иштери бүгүн, 9-майда таң эрте улантылат.