Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен «тазалыкчылар» боюнча маалымат беришти

Бишкек шаардык мэриясы Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 3 жаран «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери экенин тастыктады.

30-декабрда «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Ауэзов көчөсүндөгү өздөрүнө бөлүнгөн аймакты тазалап, жумуш убактысынан кийин үйлөрүнө бара жатып, саат 8:00дөн 8:30га чейин Чоң Чүй каналына түшүп кетип, каза болушкан. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев окуя болгон жерге дароо барган. Мэр бул окуяны өзгөчө көзөмөлгө алуу, ошондой эле болгон кырдаалды ыкчам жана ар тараптуу иликтөө боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Издөө иштеринин жыйынтыгынан кийин, каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө «Тазалык» ишканасынын профсоюз комитетинин каражаттарынан тышкары, шаардык резервдик фонддон да жардам көрсөтүү тапшырылды. Учурда окуянын бардык жагдайлары такталып, бул факт боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Аталган кырдаал Бишкек шаарынын мэринин жеке көзөмөлүндө.

Буга чейин милиция кызматкерлердин 37, 59 жана 62 жаштагы экенин билдирген.