Бишкекте Чоң Чүй каналына бала түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Свердлов районунун Осмонкул көчөсүндөгү Чоң Чүй каналына 2010-жылы туулган бала түшүп кеткен. Жергиликтүү тургундар баланы суудан аман-эсен чыгарышып, куткаруу кызматына өткөрүп беришкен. Ал эми куткаруучулар өз алдынча биринчи жардам көрсөтүп Тез жардам кызматына өткөрүп беришти. Жерине 5 куткаруучу тартылган.