Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 16 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү 6 күндөн кийин сугат арыктан табылды

Чүй районуна караштуу Шамшы айылында Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 16 жашар А.Ч. аттуу өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.
«Өспүрүмдү издөөгө кечээ жалпысынан 30 куткаруучу тартылып, кеч киргенине байланыштуу издөө убактылуу токтотулган.
Ал эми бүгүн таңкы саат 6:10 чамасында жогоруда аталган өспүрүмдүн сөөгүн Чүй районуна караштуу Алга айылынын сугат арыктарынын биринен жергиликтүү тургундар табышкан.
Табылган өспүрүмдүн сөөгүн жергиликтүү тургундар ИИБдин адистерине өткөрүп беришти.