Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 55 жаштагы киши дагы эле табылбай жатат

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен жаран изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ысык-Ата районунун Новопокровка айылына караштуу «Волна» тилкесинен 1-февралда Чоң Чүй каналына 55 жаштагы эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. 4-февралда жерине издөө иштерин улантуу максатында Ысык-Ата райондук №27 ӨКБдан 5, Токмок шаардык №21 ӨКБдан 4, Сокулук райондук №23 ӨКБдан 4, Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 4, жалпысынан 17 куткаруучу тартылган.