Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 55 жаштагы киши изделип жатат

Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылынын Волна тилкесиндеги Чоң Чүй каналына 1968-жылы туулган эркек киши түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 

Жерине 7 куткаруучу, 1 жел кайык, ИИМден 5 кызматкер, туугандарынан 3 адам тартылып, издөө иштерин жүргүзүшүп, издөө иштери убактылуу токтотулган, натыйжа болгон эмес.  

Бүгүн, 2-февраль күнү издөө иштерин улантуу максатында Ысык-Ата райондук №27 ӨКБдан 5, Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан жел кайык менен 3 куткаруучу тартылган.