Чоң Чүй каналына түшүп кеткен адамдын жансыз денеси 5 күндөн бери изделип жатат

Буга чейин ӨКМден 29-июнь күнү Орозбеков көчөсүндөгү Чоң Чүй каналына 1963-жылы туулган эркек киши түшүп кеткенин билдирген.

1-июль күнү жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 10 куткаруучу тартылып, убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон эмес. Бүгүн, 4-июль күнү издөө иштери улантылат.