Кечээ, 17-февралда Чоң Чүй каналынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 16-февраль күнү “102” кызматына Ауэзов көчөсүндө Чоң Чүй каналына 1985-жылы туулган эркек адам түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
17-февраль күнү жерине издөө иштерин улантуу максатында 6 куткаруучу тартылып, алар саат 10:30да маркумдун жансыз денесин суудан табышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.