Чоң Чүй каналынан 55 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды

Кечээ, 9-июль күнү саат 17:35 чамасында Ысык-Ата районунун Кант шаарында Чоң Чүй каналына сууга түшүп, дайынсыз болуп жаткан 55 жаштагы жаранды издөө иштери кеч киргенине байланыштуу токтотулган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 10-июль күнү жалпы 9 куткаруучу издөө иштерин улантышкан. Аламүдүн районунун Лебединовка айылынан агып өткөн каналдын тосмосунда жансыз дененин калкып жатканын экскаваторщик көрүп калган. Жерине жансыз дененин тек-жайын тактоо үчүн туугандары барып тастыкташты.