“Чоң Чүй каналынан 6 жаштагы бала изделип жатат” деген видео тарады

Социалдык тармактын колдонуучулары жана жергиликтүү ЖМКлар Чоң Чүй каналынан 6 жаштагы бала изделип жатканы тууралуу жазышып, видео менен бөлүшүп жатышат.

Андагы маалыматтарга караганда, окуя Ысык-Ата районундагы Буденовка айылында болгон.

Бул боюнча ӨКМ азырынча маалымат бере элек.