Чоң Чүй каналынан 6 жаштагы бала изделип жатат

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Тынчтык конушундагы Чоң Чүй каналына 6 жаштагы бала ойноп жатып агып кеткенин кошуналары менен байланышканда маалым болгон. Алар ӨКМге нааразычылыгын билдирип, келген куткаруучулардын шаймандары жок, издөө иштерин жүргүзбөй жатканын айтышкан.

Редакцияга ӨКМден бүгүн, 8-майда Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында Чоң Чүй каналына 2017-жылы туулган эркек бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөнүн, издөө иштерин жүргүзүү максатында жерине 30 куткаруучу, ошондой эле Сокулук райондук ИИМден 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган.