Чоң Чүй каналынан аял кишинин жансыз денеси табылды

Кечээ, 24-июнда Бишкектеги Чоң Чүй каналынан аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу борбор калаанын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

«Маркум болжол менен 30-35 жаштардагы аял. Сөөктү сыртынан кароо учурунда денесинен жаракат алган же зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн белгилер аныкталган эмес. Факты  каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш башталды жана соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда маркумдун аты-жөнүн тактоо иш-чаралары жүрүп жатат», — деп билдиришти ИИМден.