Чоң Чүй каналынан белгисиз жарандын жансыз денеси табылды

Чоң Чүй каналынан жансыз дене табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

ӨКМге Аламүдүн айылынын Алма-Ата көчөсүндө Чоң Чүй каналында белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, суудан болжол менен 45-50 жаштагы азиат улутундагы эркек кишинин жансыз денесин чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.