Чоң Чүй каналынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Милиция атын тактоого жардам сурайт

16-октябрда Бишкектин Кантемиров көчөсүнүн жанындагы Чоң Чүй каналынан болжол менен 50-55 жаштар чамасындагы адамдын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Свердлов РИИБден билдиришти. 

Белгилери: бою 160-165 сантиметр, дене түзүлүшү толугураак.

Кийген кийими: кара сызыктары бар жашыл түстөгү футболка, кара түстөгү сыдырмасы бар кофта.

Өзгөчө белгилери: жаагынын сол тарабында 6 сантиметр тагы, көптөгөн татуировкалары бар.

Эгер сүрөттөгү жаранды тааныгандар болсо, төмөнкү номурлар аркылуу Свердлов РИИБ менен байланышсаңыздар болот. Байланыш номурлары: 0702 49-88-88, 0557 11-94-10, 0776 17-15-15.