Чоң Чүй каналынан эркек кишинин жансыз денеси табылды (сүрөт)

10-октябрь күнү Октябрь районунун Валиханов көчөсүндө каналга 1986-жылы туулган эркек киши түшүп кеткен. Кечээ жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.

Издөө иштеринин жүрүшүндө болжол менен 30-35 жаштагы белгисиз эркек адамдын жансыз денеси Кантемировская көчөсүндө Чоң Чүй каналынан табылган. Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Табылган маркум 1986-жылы туулган жаран эмес экендиги аныкталды. Издөө иштери саат 18:00дө убактылуу токтотулду, 17-октябрь күнү улантылат.