«Чоңдун кызын ушинтсе, шектүүнү чукуса да тапмак». Жалал-Абадда сабалган келиндин апасы нааразычылыгын билдирди

Кечээ, 10-августта Жалал-Абад ОИИБ маалымат таратып, 24 жаштагы келин сабалып, тонолгонун билдирип, шектүүнү издөө иштери жүрүп жатканын билдирген.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги келиндин апасы менен байланышканыбызда, кызынын абалы учурда жакшы экенин, өз алдынча тамак ичип калганын айтты. «Кызым азыр жакшы болуп калды. 7 айлык баласына оор болду, эмчектен чыгып калды. Мен кызымдын жанында болуп жаттым, кызым жакшы болуп, неберемди карап жатам. Шектүү менен кызым тааныш деле эмес окшойт. Бир жолу эле көргөн экен. Анан телефонун чалып алууга сурап, ачып бергенде электрондук акчасын көргөн окшойт, ошол жерде сабап, тоноп кетиптир. Кызымдын боору айрылып кетиптир. Милиция шектүүнү таба элек. Ал мага жеткен маалыматттар боюнча, көлдө эс алып жүрөт дешти. Карапайым адамдын кызы болгону үчүн ушинтип жатышабы билбейм, чоңдун кызын ушинтсе, шектүүнү чукуса да тапмак. Мен милицияга нааразымын», — деди апасы.