Чөнтөк уурулукка шектүү кармалды. Анын үстүнөн 6 арыз түшүп, 130 миң сомдук чыгым келтирген

Чөнтөк уурулукка шектүү кармалды. Анын үстүнөн 6 арыз түшүп, 130 миң сомдук чыгым келтирген. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан маалымдашты.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарында жашырынып жүргөн жеринен 1999-жылы туулган жаран кармалды. Ал Ош шаарынын аймагында коомдук жайда жарандардын чөнтөгүнө кол салып, акчаларын, уюлдук телефондорун уурдап жүргөндүгү аныкталып, издөө жарыяланган. Ал Нарын шаарынан Ош шаарына келип, чөнтөкчүлүк менен алектенип жүргөн. Учурда бул жарандын үстүнөн 6 арыз түшкөн. Жарандарга келтирилген чыгым 130 миӊ сомду түздү. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, 205-берененин белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.