Чу дарыясына унаа түшүп кетип, 2 адам каза болду

Кечээ, 1-июль күнү Тоуоta Corolla үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай Чу дарыясына түшүп кетип, кырсыктын кесепетинен унаанын ичиндеги 65 жаштагы жана 41 жаштагы эки жаран каза болду. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Ошондой эле 1952-жылы туулган, 1972-жылы жылы туулган эки аял киши жабыркаган. Алар тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген. Окуя Аламүдүн районунун Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Карл Маркс айылында орун алган. Ал жерге саат 21:17де 3 куткаруучу чыгып, саат 21:30да жеткен. Куткаруучулар Октябрь айыл өкмөтүнүн эксковатору менен дарыяга түшүп кеткен унааны чыгарып, каза болгон жарандардын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.