Чу дарыясынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Аты-жөнү такталууда

Чу дарыясынан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Билдирүүдө айтылгандай, Ысык-Ата районундагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 53-чакырымында Чу дарыясында болжол менен 60-65 жаштагы эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Токмок шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.