Чукул билдирүү: Бишкек-Ош унаа жолунда кыян жүрүп, жол жабылды

Бишкек-Ош унаа жолунун 104-105-чакырымдар аралыгында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам кыян жүрүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты.

Жол иштерин текшерип, Төө-Ашуу тарапка бара жаткан Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев кырдаалды жеринен көрдү. Учурда жерине атайын техникалар тартылууда. Министр жолго түшкөн кум-шагыл аралашмасын тез арада тазалап, унаа каттамын ыкчам түрдө жандантуу тапшырмасын берди.