Чукул кабар! Бүгүн Ысык-Көл, Чүй, Талас, Нарын облустарында сел жүрүшү күтүлөт

2022-жылдын 4-августунда күтүлгөн туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
— Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө, Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-августта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.