Өзү казган чуңкурга түшүп кеткен өспүрүм. Баланын атасы кырсык башкача жагдайда болгонун айтты

Кечээ, 12-сентябрда «үйдүн короосунда 2006-жылы туулган эркек бала чуңкур казып жатып түшүп кеткен» деген кабар 112 кызматына түшкөнүн ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришкен.

Окуя боюнча жабыркаган баланын атасы СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кайрылып, министрликтин маалыматты туура эмес бергендигине нааразы болуп, кырсыктын чоо-жайын айтып берди.

Анын айтымында, Ак-Ордо-1 конушунда жайгашкан «Шербет» кафесинин алдында казылган тереңдиги 5 метрди түзгөн чуңкур болгон. Кафеге кирип кайра чыгып келе жатканда 17 жаштагы бала чуңкурга түшүп кеткен. Жанындагы иштешкен баласы дароо жумуш берүүчүсүнө байланышка чыгып, кырсык боюнча кабарлаган. Андан кийин ӨКМден келген куткаруучулар чыгарып, баланы Тез жардамга өткөрүп беришкен.

Маалыматты тактоо иретинде кайра министрликке байланыштык. «112 байланыш номуруна чалууда биз тараткан маалыматтай айтылган. Нес абалда болгондуктан, окуяны түшүндүрүү үчүн жаңылыш айтып алышкандыр. Биздин куткаруучулар жерине барганда үйдүн короосу эмес, тышында кафеге жакын жерде экен», — деп билдиришти министрликтен.