Чуңкурчакка эс алууга бараткандар жол кырсыкка кабылып 6 адам жаракат алды

Чуңкурчакка эс алууга бараткандар жол кырсыкка кабылып 6 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы “Чуңкурчак” эс алуу жайына баруучу жолунда Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен.

“Натыйжада 6 адам жаракат алды. Куткаруучулар жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, Тез жардам кызматына өткөрүп беришти. Кырсык болгон жерге 4 куткаруучу тартылган”, — деп айтылат маалыматта.