Чычкан капчыгайына түшүп кеткен оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу көз жумду (сүрөт)

Бишкек-Ош унаа жолунун 236-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, RENO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа оодарылып, Чычкан капчыгайына түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу каза болду. Куткаруучулар каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарып, ИИМге өткөрүп беришти. Жерине 5 куткаруучу тартылган.