«Чычкан» постунда гашиш ташыган аял аныкталды

Жалал-Абад облусунда «Чычкан» чек ара постунда “гашиш” баңги затын ташыган аял кармалды. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, постто Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, анда баңги заттарды ташыган ыкчам маалымат боюнча жүргүнчү болгон. Унааны текшерүүдө ичинде ширеңке түрүндөгү кочкул жашыл түстөгү, өзгөчө жыты бар кыры кесилген 51 даана баштык заттар табылып алынган. Алынган заттардын жалпы салмагы 615 граммды түзгөн. Экспертизанын корутундусуна ылайык, бул зат “гашиш” баңгизаты болуп чыккан.

Кармалган жаран 1976-жылы туулган Токтогул районунун тургуну экендиги аныкталды. Азыркы учурда кармалган жаран Ош шаарынын тергөө абагына киргизилип, бул кылмыш ишине тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы иш-чаралар жүргүзүлүүдө.